Бишкекте түрк дүйнөсүнүн жалпы келечеги талкууланды

Коом 2 октябрь 2026 10:50
Бишкекте түрк дүйнөсүнүн жалпы келечеги талкууланды
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Түркиянын президенттик администрациянын Коммуникациялар башкармалыгы тарабынан "Түрк дүйнөсү диалогдору: Жалпы келечек, жалпы көз караш" аттуу панелдик талкуу өттү.

Талкуу ТМУга мүчө жана байкоочу макамындагы бир катар өлкөлөрдө үстүбүздөгү жылдын 29-30-октябрында Түркиянын төрагалыгы алдында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитинин алдында уюштурулууда.

Панелдер сериясынын биринчиси Казакстандын борбору Астана шаарында, экинчиси Бакуда, үчүнчүсү Ташкентте өткөн. Сериянын төртүнчү жыйыны Бишкек шаарында өттү.

Иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемдин ачылыш сөзү менен башталып, андан соң Түркиянын президенттик администрациясынын Коммуникациялар башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран катышуучуларга видео кайрылуу жолдоду.

Ал видео кайрылуусунда түрк дүйнөсү жалпы тарых, тил жана маданияттан башат алган күчтүү цивилизациялык мураска ээ экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күчөп жаткан геосаясий атаандаштык, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу көйгөйлөрү, мыйзамсыз миграция, киберкоркунучтар жана дезинформация сыяктуу көп кырдуу чакырыктардын шартында түрк мамлекеттеринин бирдиктүү пикир жана күчтүү координациянын негизинде аракеттенүүсү маанилүү. Түрк мамлекеттер уюму аймактык тынчтыкка салым кошкон жана экономикалык өнүгүүнү колдогон көз караштын алып жүрүүчүсү", - деди Дуран.

Ал медиа жана коммуникациялар тармагындагы кызматташтыктын стратегиялык маанисине да токтолуп, дезинформация, жек көрүүчүлүк сөздөрү жана санариптик манипуляция менен күрөшүүдө маалымат жана тажрыйба алмашууну күчөтүү, ошондой эле биргелешкен платформаларды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, жасалма интеллект жана жаңы коммуникациялык технологиялар түрк мамлекеттери биргелешип багыт берүүгө тийиш болгон тармактар экенин айтып, Түркия ТМУга төрагалык кылган мезгилде түрк дүйнөсүнүн институционалдык интеграциясын жана дүйнөлүк деңгээлдеги көрүнүктүүлүгүн мындан ары да жогорулатууну көздөп жатканын кошумчалады.

Панелде түрк мамлекеттеринин ортосундагы көп тармактуу кызматташтык, учурдагы чакырыктар, уюмдун түзүлгөндөн бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу жана жалпы алфавит маселелери талкууланды. Мындан тышкары, экономикалык жана саясий өнүгүүлөр менен катар коммуникациялар, биргелешкен коргонуу өнөр жайы долбоорлору, аскердик доктриналардын биримдиги жана жасалма интеллект маселелери талкууланды.

Панелдин модератору, президенттик администрациянын Коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кеңешинин мүчөсү, Улуттук чалгындоо академиясынын окутуучусу Нуршин Атешоглу Гүней эл аралык системада олуттуу өзгөрүүлөр жана туруксуздук орун алып жаткан азыркы мезгилде ТМУнун стратегиялык мааниси жогору экенин белгиледи. Ошондой эле уюм өзүнүн ийкемдүү түзүмү аркылуу өзгөчө жол менен өнүгүп жатканын айтты.

Гүнейдин белгилөөсүнө караганда, жалпы тарых, тил жана маданияттын түрткүсү менен пайда болгон кызматташтык функционалдык негизде өнүктүрүлүүдө жана бул механизм ийкемдүү түзүмдө улантылууда. Бардык тармактарда бирдей деңгээлде кызматташуу эмес, ар башка багыттарда ар башка ылдамдык менен өнүгүүгө мүмкүндүк берген ийкемдүү жана көп катмарлуу кызматташтык түшүнүгү кабыл алынган.

Иш-чарага катышкан Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөнгө чейин түрк дүйнөсүндөгү мамилелер өтө бекем болбосо дагы, жалпы идеалдардын айланасында калыптанганын белгилеп, бүгүнкү күндө бул идеялар конкреттүү кызматташтыкка айлана баштаганын айтты.

Отунбаева ошондой эле Кыргызстандын дипломатия, билим берүү жана медиа сыяктуу көптөгөн тармактарда Түркиянын тажрыйбасынан жана топтогон билиминен пайдаланып жатканын баса белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө тилектеш экенин билдирди.

Түркия парламентинин 28-чакырылыштагы депутаты жана профессор Ильяс Топсакал өз сөзүндө кыргыздар түрк тарыхынын негизги булактарынын бири болгон Орхон-Енисей жазма эстеликтериндеги Көк Түрк каганатынын доорунан бери эскерилип келген алгачкы элдердин бири экенин белгиледи. Ал түрк тарыхынын негизги багыттары дал ушул аймакта калыптанганын айтты.

Топсакал дүйнөдө үстөмдүк кылып келе жаткан аймактык концепция бизди кайрадан түпкү булагыбызга, өз тарыхыбызга жана географиябызга кайрылууга мажбурлап жатканын белгиледи.

Түркия парламентинин 28-чакырылыштагы AK партиясынан депутаты Селман Огузхан Эсер өз сөзүндө географиялык жана тарыхый жакындык гана жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, жалпы тарыхый эс-тутумду жалпы максаттарга, ал эми жалпы максаттарды ири кызматташтыкка айландыруу зарыл. Ушул алкакта экономикадан билим берүүгө, маданияттан жаштар саясатына, медиадан жарандык коомго чейин бардык тармактарда байланыштарды бекемдөө маанилүү экенин айтты.

Стамбул Айдын университетинин ректорунун орун басары, профессор Рагып Кутай Каража тарыхый жана маданий байланыштар менен катар экономикалык интеграциянын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, Орто коридордун стратегиялык мааниси өсүп жатканын белгиледи.

Каража Орто коридор боюнча жалпы максаттарды аныктап, координацияны күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле Бишкекте Түрк дүйнөсүнүн логистика жана байланыштуулук институтун түзүүнү жана Түштүк Кавказдагы толуктоочу транспорттук байланыштарды аймактык тынчтыкты колдой тургандай форматта кароону сунуштады.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин биринчи төрагасы, профессор Медеткан Шеримкулов бардык тармактарда кызматташуу абдан маанилүү экенин, бирок эң негизгиси коопсуздук экенин белгиледи. Ал жакынкы аймактарда болуп жаткан кайгылуу окуяларды биз да башыбыздан өткөрбөшүбүз үчүн биргелешкен коопсуздук механизмдери өтө маанилүү экенин айтты.

Панелдин экинчи бөлүгүндө басма сөз жыйыны өткөрүлдү. Жыйында панелдин катышуучулары журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзгөчө түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө ТМУнун ролу, дүйнөдөгү ири державалардын түрк дүйнөсүнө карата мамилесиндеги негизги факторлор, жалпы алфавит боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана жаштардын потенциалдуу салымы тууралуу пикирлерин билдиришти.

Иш-чарага парламенттин депутаттары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, аналитикалык борборлор, коопсуздук жана тышкы саясат боюнча эксперттер, ошондой эле эл аралык медианын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Анкарада өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитинин алдында түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө ТМУнун ролун эл аралык коомчулукка жеткирүүгө жана бул багыттагы диалогду күчөтүүгө салым кошту.