Бишкекте ТМУга өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу өтүүдө

Ден соолук 2 октябрь 2026 11:25
Бишкекте ТМУга өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу өтүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өтүп жатат.

Ошондой эле жолугушууга Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү дагы катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчыларынын баяндамалары угулуп, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле ТМУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен декларацияга кол коюу пландалууда.