Бишкектеги КМШ форуму жаңы долбоорлорго жол ачат – министр

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-06-09 at 12.38.30 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. КМШ мамлекеттеринин илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын XIX форумунун алкагындагы талкуу жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев аталган иш-чаранын алкагында билдирди.

Анын айтымында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “КМШга 35 жыл” аттуу көргөзмө, пленардык жыйын жана бир катар иш-чаралар өтүп, соңунда форумдун жыйынтык резолюциясы кабыл алынат.

“Бүгүн КМШ мамлекеттеринин илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын XIX форуму өтүүдө. Иш-чарага шериктештикке кирген бардык мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда. Форум Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун 20 жылдыгынын алкагында КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, форумдар негизи 2006-жылдан бери кезектешип шериктештикке кирген өлкөлөрдө өткөрүлүп келет, Бишкекте 3-жолу өтүүдө. Иш-чараны өткөрүүгө Бишкек шаары бекеринен тандалып алынган жок. Анткени, шаарыбыз өнүгүп-өсүп жатат. Форум илим, билим берүү, маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар менен иш алып баруу сыяктуу бардык тармактар боюнча иш алып барат”,- деди министр.

Ал ошондой эле биздин кесиптик коомчулук үчүн бул форум биргелешкен илимий мектептердин туруктуулугунун, академиялык байланыштардын жана мамлекеттер аралык маданий алмашуунун бекемдигинин практикалык далили экенин кошумчалады.