Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи этабы өтүүдө

Билим 3471 20 Февраль 2025 09:34
480878635_1058399053002615_125356478167570997_n.jpg
480911525_1058399133002607_8773300676493232171_n.jpg
480791759_1058398979669289_2414171579230758394_n.jpg
Алдыга
Артка
480878635_1058399053002615_125356478167570997_n.jpg
480911525_1058399133002607_8773300676493232171_n.jpg
480791759_1058398979669289_2414171579230758394_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бишкекте жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи этабы өтүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, бул жылы олимпиада 10 түрдүү предметти камтып, ар бир катышуучу өзүнө жакын болгон тармак боюнча билимин жана жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Алсак, Биринчи май району боюнча олимпиадага мектеп окуучуларынын олимпиадасында 1-2-орунду ээлеген 554 окуучу катышууда. Октябрь району боюнча интеллектуалдык таймашка райондогу 20 мектептен 620 окуучу катышууда. Свердлов району боюнча 303 окуучу, ал эм Ленин районунда 975 окуучу катышууда.

Мындан тышкары, №65 экологиялык-экономикалык лицейинде химия, физика, математика, география, биология, англис тилин базалык жана тереңдетип окутуу боюнча мектеп окуучуларынын республикалык Олимпиада өтүүдө. Ага 377 окуучу катышууда.

Белгилей кетсек, 1-2-орунду ээлеген катышуучулар республикалык олимпиаданын 3-шаардык этабына райондун атынан катышууга мүмкүнчүлүк алышат.