Бишкекте өзгөчө балдар үчүн заманбап бала бакчанын курулушу башталды

Коом Загрузка... 17 Март 2026 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы майыптыгы бар балдарга арналган “Үмүт чырагы” бала бакчасынын пайдубалына мезгил кутусун салды.

Иш-чарада минкаб төрагасы сөз сүйлөп, чогулгандарды бала бакчанын курулушунун башталышы менен куттуктады.

”Үмүт чырагы” деп аталышы айтып тургандай, бул бала бакча ата-энелер, балдар үчүн үмүттүн чырагын жандырмакчы. Мындай бала бакчанын ачылышы балдар үчүн чоң камкордуктун белгиси”, - деди Касымалиев.

Долбоорго ылайык, бала бакча 250 орунга ылайыкталган, заманбап шарттары бар эки кабаттуу имараттан турат.

Маалымдалгандай, бакчанын жалпы аянты 3 570 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин аянты 93 сотыхты түзөт.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулушунун көлөмү 18 335 куб метрди түзүп, толугу менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталып курулмакчы.

Имаратта топтор жайгашкан аянт, ашкана, гимнастика үчүн зал, музыкалык зал каралган.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган бул бала бакча ARTWIN курулуш компаниясы тарабынан курулуп, болжол менен 4 млн доллар каражат сапрталары маалымдалды.