Бишкекте "Кыргызстандын салык системасы, саясаты жана практикасы" аттуу бизнес-жыйын өттү

Экономика 1028 07 Февраль 2025 09:44
475979315_913391040966204_1851358180141318883_n.jpg
475991451_913395304299111_1704431325096850132_n.jpg
475883575_913391354299506_542351007852773586_n.jpg
475871514_913391260966182_1727503249986009382_n.jpg
475978916_913391267632848_8795412700271048276_n.jpg
475811911_913391264299515_7264568589825152949_n.jpg
475444825_913391157632859_5779971870300531448_n.jpg
475842480_913391164299525_2930339419200243978_n.jpg
475979315_913391040966204_1851358180141318883_n.jpg
475523152_913391034299538_6858746310638173219_n.jpg
475911942_913391037632871_2893972410299308426_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын салык системасынын жана салык салуунун актуалдуу маселелери боюнча бизнес-жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага Салык кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТУКИД бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер жана инвесторлор катышты.

Жолугушуунун темасы — "Кыргызстандын салык системасы, саясаты жана практикасы" болду. Иш-чаранын алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү республикадагы салык салуу, бизнес үчүн берилүүчү салыктык жеңилдиктер, алдыдагы салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, салык жол-жоболорун жана эсеп системаларын жөнөкөйлөтүү, анын ичинде электрондук эсеп-фактураны, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана контролдук-кассалык машинаны колдонуу жөнүндө кеңири айтып беришти.

Салыктык башкарууну өркүндөтүүгө жана өлкөдөгү бизнес чөйрөсүн жакшыртууга багытталган санариптик куралдарды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан сырткары, отурумдун катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пикир алмашууга жана Кыргызстандын салык системасын жакшыртуу боюнча идеяларды сунуштоого мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар салык саясатын өркүндөтүү жана өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бизнес-коомчулук менен мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилени бекемдөөгө багытталган.