Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин салык багытындагы кызматташтыгы боюнча “Санариптештирүү шартында Кыргызстандын экономикасынын формалдуу эмес секторун кыскартуу үчүн салык салуу жана салыктык башкаруу методологиясын өркүндөтүү” аталышындагы семинар өтүүдө.
Ага Россиянын Финансы министрлигине караштуу Илимий финансы институтунун кеңешчиси Сергей Шаталов, аталган институттун маалыматтык жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Екатерина Копалкина, Кыргызстандын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Эрке Турдумаметова, Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров жана эки өлкөнүн Финансы министрликтеринин бир катар өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, иш-чара эки өлкөнүн салык системаларын өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу жана салыктык башкарууну жакшыртуу максатын көздөйт.
Семинардын жүрүшүндө салык саясатын иштеп чыгуу, фискалдык администрацияны санариптештирүү, салыктык тартипти жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр менен иштөөдө заманбап ыкмаларды колдонуу маселелери каралууда.
Ошондой эле, Кыргызстандын жана Россиянын салык органдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү жолдору талкууланууда.