Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү Фрунзе көчөсү 176 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайда жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө курулуш ченемдеринин талаптары сакталбагандыгы жана курулуш калдыктары коңшу аймакка түшүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн болгон жагдайлар аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн “Бийком” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана коопсуздук талаптарын камсыз кылуу боюнча белгиленген мөөнөттө тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.