Бишкекте күн кайрадан ысыйбы? Аба ырайынын божомолу

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-08-05 at 16.56.01.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 6-августтан 12-августка чейинки аба ырайынын божомолун чыгарды.

Анда белгиленгендей, борбор калаада аба ырайы ысык болуп, күндүз абанын температурасы +37 градуска чейин жетет.

6-7-августта жана 8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 9-августта жана 10-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 11-12-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

  • 6-август: түнкүсүн 16…18 күндүз 31…33
  • 7-август: түнкүсүн 17…19 күндүз 33…35
  • 8-август: түнкүсүн 19…21 күндүз 33…35
  • 9-август: түнкүсүн 19…21 күндүз 34…36
  • 10-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 34…36
  • 11-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 35…37
  • 12-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 35…37.