Бишкекте көк бөрү мелдешинде улакчы жаракат алып, ооруканага жетпей каза тапты

Кырсык Загрузка... 12 Март 2025 14:24
WhatsApp Image 2025-03-12 at 11.33.59.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте көк бөрү мелдешинде улакчы жаракат алып, ооруканага жетпей каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 10:00дө “Ак-Кула” ат майданында Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулган мелдеш учурунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын ортосунда оюн башталган. Мелдештин алгачкы 10–15 мүнөтүндө оюнчулардын бири кагылышуудан улам аттан кулап, эс-учун жоготкон.

Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Бирок 45 жаштагы С.М. аттуу улакчы ооруканага жетпей, жолдо каза болгон.

Бул факт Ленин РИИБинде катталып, милиция алдын ала териштирүү иштерин баштады.