Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. 25-26-февраль күндөрү Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг салмак категорияларында күч сынашат.