Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында футбол темасына арналган “Топ Юнайтед” спорттук драмеди сериалынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.
Анда белгиленгендей, иш-чара 28-ноябрда “Бродвей” кинотеатрында уюштурулат. Сериалдын режиссёру — Ильгиз Куватбек. Башкы каарман Жеңиштин ролун Руслан Орозакунов аткарган. Долбоорго белгилүү футболчулар Мирлан Мурзаев жана Эржан Токотаев да тартылган.
Ошондой эле бет ачарда сериалдын алгачкы эпизоддору көрсөтүлүп, анын жаратуучулары менен жолугушуу өткөрүлөт. Сериалдын эпизоддору “Этномедиа” платформасында жарыяланат.
Андан сырткары иш-чарада Estebez жана Bapay аткаруучуларынын “Топ Юнайтед” альбомуна арналган жаңы клибинин бет ачары болот.
Сериал Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемеси жана 1.1 Studio студиясы тарабынан тартылган.