Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдында Экономикалык моделдөө жана анализ борбору ачылды.
Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
Борбор Экономика министрлиги, КЭУ жана GIZ программасынын кызматташуусунун алкагында Германия, Швейцария жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн.
Борбордун негизги максаты мамлекеттик органдарга туруктуу өнүгүү багытында аналитикалык жана эксперттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле бизнеске, жарандык коомго жана эл аралык өнөктөштөргө илимий изилдөөлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү болуп саналат.
Экономика министрлиги борбордун ачылышын жашыл экономиканы институционалдаштыруунун жана экономикалык саясаттын сапатын жогорулатуунун маанилүү кадамы катары карайт.
Жаңы борбор — мамлекет, илим, бизнес жана эл аралык уюмдар үчүн кызматташуу жана диалог жүргүзүү аянтчасы катары кызмат кылат.