Бишкекте "Эхинококкозго каршы аракеттерди консолидациялоо" аталышындагы форум өттү

Коом 1178 29 Январь 2025 09:17
photo_5247252290048485346_y.jpg
photo_5242417741716122225_w.jpg
photo_5247252290048485334_y.jpg
photo_5247252290048485340_y.jpg
photo_5247252290048485338_y.jpg
photo_5247252290048485337_y.jpg
photo_5247252290048485336_y.jpg
photo_5247252290048485335_y.jpg
photo_5247252290048485341_y.jpg
photo_5247252290048485342_y.jpg
photo_5247252290048485343_y.jpg
photo_5247252290048485344_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5247252290048485346_y.jpg
photo_5242417741716122225_w.jpg
photo_5247252290048485334_y.jpg
photo_5247252290048485340_y.jpg
photo_5247252290048485338_y.jpg
photo_5247252290048485337_y.jpg
photo_5247252290048485336_y.jpg
photo_5247252290048485335_y.jpg
photo_5247252290048485341_y.jpg
photo_5247252290048485342_y.jpg
photo_5247252290048485343_y.jpg
photo_5247252290048485344_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте "Эхинококкозго каршы аракеттерди консолидациялоо" аталышында форум өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чараны министрликке караштуу Ветеринардык кызмат Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) биргеликте уюштурду.

Форумга Айыл чарба министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр катышты. 

Форумдун максаты - зооноздук ооруларга каршы профилактикалык чараларды көрүү жөнүндө резолюция кабыл алуу болду.

Форумдун катышуучулары эхинококкоз жана башка зооноздук оорулар боюнча эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты, ошондой эле аларды натыйжалуу диагностикалоо жана дарылоо үчүн техникалык базаны бекемдөө маселелерин карашты.

Талкуунун дагы бир темасы оорунун жайылышын азайтууга багытталган алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү болду. Жыйынтыгында, катышуучулар жаныбарлар менен адамдардын ортосунда жугуучу ооруларды алдын алуу, аныктоо жана алар менен күрөшүү – жалпы максатка жетүү үчүн кызматташтыкты жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.