Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Бишкекте айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
"Жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүгө байланыштуу жабылууда", - деп айтылат маалыматта.
Айдоочуларга бул чектөөнү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды пландап алуу сунушталат.