Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Бишкекте “Динамикалык пирамида” боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында чемпионат башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, бильярд спорту федерациянын өкүлдөрү, спорт чеберлери жана оюнчулар катышты.
Жалпы мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 104 спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр дүйнөлүк чемпионаттарда өлкө намысын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мелдештер 2-апрелге чейин уланат.