Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бишкекте 20-22-февралда аскердик кармаш уруш боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Советтер союзунун баатыры, лейтенант Калыйнур Усенбековдун жаркын элесине арналып уюштурулууда.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:
Өспүрүмдөр арасында (2012-2013-жылы туулгандар): 44, 46, +46 кг;
Өспүрүмдөр арасында (2011-2010-жылы туулгандар): 50, 55, 60, +60 кг;
Кыздар (2008-2010-жылы туулгандар): 50, 55, +55 кг;
Балдар (2008-2009-жылы туулгандар): 55 60, 65, 70, +70 кг;
Жаштар арасында:
Кыздар: 50, 55, 60, +60 кг;
Балдар: 57 60, 65, 70, 75, +75 кг;