Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун расмий жолугушуу аземи өттү.
Жолугушуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароол тизилди.
Өкмөт башчыларынын саламдашуусунан кийин Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын саламдашуусунан соң, расмий делегация мүчөлөрү тааныштырылды.