Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Миң-Куш көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан 15 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, объекттин пайдаланууга берилгендиги тууралуу шайкештик актысы жашоочуларга тапшырылды.
Белгиленгендей, турак үйдүн курулушу өз убагында толук аяктабай калгандыктан, жашоочулар батирлерин өз атына каттатып, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушкан.
Турак үйдүн курулушун буюртмачы катары И. Тилекпаев жана Т. Мирланов жүргүзүшкөн.