Бишкекте 1-класска 27 миңден ашуун бала барды

Билим 15 сентябрь 2026 15:25
810623535_1631434235372898_616067095151057441_n.jpg
810246566_1360912822692617_1381379074305274167_n.jpg
810449153_4003631076612367_7731573936397194971_n.jpg
810384002_1632657488437961_5842511947499615438_n.jpg
810321612_1402157801256521_6335928936186938836_n.jpg
809587049_1043130805436956_5178927719131556599_n.jpg
810149123_977734078687295_6840389082969011990_n.jpg
806001430_1754554382448368_7137762101973775232_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бишкектеги мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, Билим күнүнө жана жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Мэриядан билдиришкендей, быйыл 27 миңден ашуун биринчи класстын окуучусу мектеп босогосун аттады.

№88 жалпы билим берүү мектебинде өткөн салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.

Ал окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, мектеп окуучуларына окууда ийгиликтерди жана жаңы билимге умтулууну каалады.

Борбор калаадагы бардык мектептерде окуу жылынын биринчи күнүндө жаңы окуу жылынын башталышына арналган алгачкы сабактар өтүлдү.