Бишкекке поезд менен Европа жана Түндүк Америкадан туристтер келди

Коом 1201 23 Апрель 2025 12:11
491960426_983653113976524_251.max-1920x1080.format-webp.webp
490536425_983653037309865_540.max-1920x1080.format-webp.webp
491260222_983652940643208_420.max-1920x1080.format-webp.webp
491918643_983652957309873_915.max-1920x1080.format-webp.webp
491952220_983652910643211_126.max-1920x1080.format-webp.webp
492508070_983652817309887_957.max-1920x1080.format-webp.webp
492510756_983652793976556_854.max-1920x1080.format-webp.webp
492527256_983653007309868_430.max-1920x1080.format-webp.webp
493064538_983653023976533_560.max-1920x1080.format-webp.webp
493073247_983652813976554_724.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргыз темир жолу"

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарына Англиянын Golden Eagle Luxury Trains туристтик фирмасына таандык туристтик поезд келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Поезд Алматы – Бишкек – Балыкчы – Ташкент – Бухара – Ашхабад – Хива – Китаб – Дүйшөмбү – Самарканд – Маргилан – Кокон багыты боюнча жүрөт.

Поезд 18 вагондон турат, алардын ар бири жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукка ээ, ошондой эле ресторан-вагондор менен жабдылган.

Бул поездде Батыш Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнөн келген 60 ашуун чет элдик туристтер саякаттап, өлкөбүздүн кооз жерлери менен таанышып жатышат.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы поезддин жүрүшүн так графикке ылайык камсыздап, Бишкек-2 темир жол бекетинде конокторду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасын уюштурду.

Белгиленгендей, туристтик сапар — Кыргызстандын туристтик дараметин арттырып, регионалдык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам.

Кыргызстан табигый байлыктары, тарыхый мурастары жана меймандостугу менен дүйнөлүк туристтерди өзүнө тартууну улантат. Туризм тармагындагы мындай демилгелер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө зор салым кошот.