Бишкек мэри: Балдар жашаган жерине жакын мектепте окушу керек

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 16:00
698ae0d66a185 (2).jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында окуучулардын коопсуздугун жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында микроучасток принцибин күчөтүшүбүз керек. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Агартуу министрлигинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектептердин ашыкча жүктөлүшү жана аймактык зоналаштыруу бүгүнкү күндө актуалдуу маселе болууда.

“Башкача айтканда, бала жашаган жерине жакын жайгашкан 5-6 мектептин ичинен бир мектепти тандап, ошол жерде окушу керек. Мисалы, 1-6 же 1-9- класстардын окуучулары милдеттүү түрдө микроучастоктордо окугандай талаптарды иштеп чыгышыбыз керек. Кандайдыр бир багыт, профиль боюнча башка мектепте окуш керек болгон балдарга гана башка участокко барып окууга мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу шарттар зарыл. Биринчиден баланын коопсуздук маанилүү. Экинчиден шаарда унаа тыгыны азайтууга шарт түзүлөт. Мектепке каттаган ата-энелер, окуучулар унаа тыгынын жаратпашы керек. Азыр тыгын деп айтыш кыйын, бир учурда Бишкек токтоп калып жатат. Ошондуктан бул ишти күчөтүп, системалуу түрдө алып барышыбыз керек”,- деди мэр.