Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы "Чабрец" чарбасында 40 жылдан бери эмгектенген зоотехник-селекционер Гүлүмкан Болотова туура селекциянын натыйжасында бир уйдан жылына 11 тоннага чейин сүт алууга жетишкен. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн "Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай" форумунда билдирди.
Анын айтымында, чарбада учурда 2 140 баш бодо мал бар. Алардын арасында голштин-фриз жана күрөң швиц породасындагы уйлар багылат. Чарба ушул эки порода боюнча асыл тукум завод статусуна ээ.
Болотова 2025-жылы чарбада бир уйдан орточо 6,7 тонна сүт алынганын белгиледи. Бул республикадагы орточо көрсөткүчтөн дээрлик үч эсе көп. Ал эми чарбадагы айрым уйлар жылына 9-11 тоннага чейин сүт берет.
"Мындай көрсөткүчтөргө жөн эле жеткен жокпуз. Асыл тукум малды туура тандап, селекциялык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү керек. Жасалма уруктандырууда да туура бука тандоо маанилүү. Ушул иштерге кылдат мамиле кылганда гана малдын сапатын жана сүттүүлүгүн жогорулатууга болот. Жетишкендиктерибизди көрүп, эмгегимдин үзүрүн сезгенде сыймыктанам", — деди ал.
Ишкер айым 1977-жылы Фрунзе политехникалык институтун эт жана эт азыктарынын технологиясы адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 1983-жылы Москвадагы К.А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясынан зоотехник-селекционер адистигин алган. Анын белгилешинче, алган билими мал чарбасында селекциялык иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн.
Тажрыйбалуу адис айыл чарбасында аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын экенин белгилейт. Анын пикиринде, мал чарбачылыгынан тартып күнөскана иштетүү, мөмө-жемиш өстүрүүгө чейин ар бир багытта ийгилик жаратууга болот. Болгону ишти баштоодон мурда жетиштүү билим алып, тармактын өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү зарыл.
"Аял киши бир ишти баштаса, аны кылдаттык жана чеберчилик менен алып барат деп ойлойм. Ошондуктан айымдар айыл чарбасындагы кайсы гана багытты тандабасын, өз күчүнө ишениши керек. Бирок жөн эле баштап албастан, алгач үйрөнүп, маалымат топтоп, иштин оң жана терс жактарын билип алуу зарыл. Азыр билим алууга мүмкүнчүлүк көп. Мисалы, интернеттен, YouTubeдан керектүү маалыматтарды тапса болот. Кыргызстанда айыл чарбасы негизги тармактардын бири, андыктан бул багытта эмгектенген ар бир адам өзүнө да, үй-бүлөсүнө да жакшы киреше таба алат", — деп белгиледи ал.