Билим берүү министрлиги: 70 мектепке STEM жабдуулары берилди

Билим 13 Февраль 2025 17:46
479493628_1052154086958335_4807435435473249262_n.jpg
475911669_1052154070291670_3059681820590764349_n.jpg
476673045_1052153933625017_1779564528294683898_n.jpg
476765627_1052153960291681_1437159612296050248_n.jpg
476797931_1052153963625014_775858757744609341_n.jpg
479412070_1052154166958327_1828085665148501217_n.jpg
479739903_1052154146958329_1282605835324632625_n.jpg
479883006_1052154046958339_6403397691377677199_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, иш-чара бүгүн Бишкектеги Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өттү.

STEM материалдары математика, биология, химия, физика предметтери боюнча изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүү үчүн микроскоп, колба, штатив ж.б. куралдардын жыйындысын камтыйт жана окуучулардын билим билгичтиктерин, дүйнө таанымын өнүктүрүүгө жана мектептин дизайн командалары иштеп чыккан инновациялык чечимдерди ишке ашырууга мыкты жардам берет. Бул демилге 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт жана заманбап талаптарга ылайык окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга зор салымын кошот.

Аталган программа Чүй, Баткен, Нарын, Ош облустарында жана Бишкек шаарында иштейт жана 70 мектепти жана 30 бала бакчаны камтыйт.

Маалымат үчүн: “Мектептер 2030” программасы – Афганистан, Бразилия, Кения, Кыргызстан, Пакистан, Португалия, Тажикстан, Танзания жана Уганда мамлекеттеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жыйынтыктарды изилдөөгө багытталган 1000 мамлекеттик мектепке чейинки, башталгыч жана жалпы билим берүү мекемелери менен иш алып барган 10 жылдык программа.

Программа балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын, баалуулуктарын калыптандырууда жана алардын коомдун өнүгүшүнө андан ары толук кандуу катышуусу үчүн мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоо жана жайылтуу үчүн техникалык тажрыйбасы менен финансылык ресурсун бириктирген тогуз филантроптук өнөктөштүн консорциуму тарабынан колдоого алынган.