Бийчи Жан Воинов бейбаштыкка шектелип кармалды

Укук тартиби Загрузка... 04 Июль 2025 14:20
WhatsApp Image 2025-07-04 at 14.31.00.jpeg
copyright icon Биринчи Май РИИБи

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Бишкекте бейбаштык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 30-июнь күнү Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж. аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган В.Ж. аттуу шектүү аныкталып, 96-берененин негизинде Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Маалыматтарга ылайык, кармалган жаран бийчи Жан Воинов экендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалган.