Бүгүн Бишкекте IV Элдик курултай башталат

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 08:35
WhatsApp Image 2025-12-24 at 17.59.45.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда IV Элдик курултай башталат.

Элдик курултай эки күнгө созулат.

Ага жалпысынан 700 делегат катышат. Аймактардан шайланып келген делегаттар 24-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда алардын кайрылуулары багыттарына жараша тиешелүү ведомстволорго берилди.

Белгилей кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Быйыл төртүнчү ирет уюштурулат.