Белгилүү журналист Сталбек Абдыраев дүйнө салды

Коом Загрузка... 28 Февраль 2025 17:02
WhatsApp Image 2025-02-28 at 14.14.07.jpeg
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. 63 жаш курагында белгилүү журналист Абдыраев Сталбек Нурмамбетович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Абдыраев Сталбек Нурмамбетович 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство жогорку окуу жайынан методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда, 1993-жылдан тарта Нарын областында уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп иштеген.

Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тарта КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй областы боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.

2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй областы боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.

Сталбек Абдыраев 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү, Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Өчпөгөн жылдыз”, “Жолдубай” ж.б. китептердин автору.

"Кабар" маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.