Беларусь тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат Загрузка... 22 Июль 2026 10:00
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары менен келди.

Министрликтин имаратынан Жээнбек Кулубаев Беларусь тышкы иштер министрин тосуп алды.

Маалымдалгандай, расмий сапар негизинен Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин алдыдагы жыйынына даярдык көрүү максатында өтүүдө. Тараптар ШКУ алкагындагы кызматташтык, жыйындын күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашмакчы.

Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны 24-июлда өтөт.