Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 2026-жылдын тогуз айында 1 млрд 683 млн сомду түздү. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 777 млн сомго көп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы облустун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 905 млн сомду түзгөн. Акыркы жылдары бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге өскөн.
Президент аймактардын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга көз карандылыгын азайтып, жергиликтүү кирешелерди көбөйтүү негизги максат экенин белгиледи. Бул үчүн өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү зарыл.
Ошондой эле 2026-жылдын тогуз айында Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 4 млрд 518 млн сом бөлүнгөн.
“Жалпысынан быйылкы жылдын тогуз айында жергиликтүү бюджеттерди жана аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу 6 млрд 200 млн сомго жакын каражат топтолду жана алар өздөштүрүлүп жатат”, — деди Садыр Жапаров.