Баткенде сел тосмолору курулат

Аймак Загрузка... 07 Май 2026 11:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусунда сел коркунучу бар аймактар менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, анда ал Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө жумуштарын жеринде көрүп чыкты.

13 миңден ашык калк жашаган Бужум айылында да жаңы конушту өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында тосмо куруу зарыл. Бул боюнча жарандар Элдик курултайда өлкө башчысына кайрылуу жасашкан. Аталган обьектте болгон министр тиешелүү иш-кагаздарын бүткөрүү тапшырмасын коюп, ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн обьектисинин негизинде коргоо чаралары ишке ашарын убада берди.

Ошондой эле министр Таян айылындагы “Ысырык жай” тилкесинде болжол менен 100 метр аралыкка сел тосмо куруу зарылчылыгын көрдү. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан долбоордук изилдөө иштери аткарылгандыктан, аталган айылды сел коркунучунан коргоого алуу ӨКМ тарабынан аткарылат.

"30-апрель күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел келген Тамаша сайы ички чарбалык жол катары пайдаланылгандыктан, кооптуулук жогору. Бул багытта район акими менен жеринде талкуу жүргүзүп, коргоо чараларын биргеликте ишке ашыруу каралды", - деп айтылат маалыматта.