Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Лейлек районунда эки баш аркар малдын арасында жүргөнү видеого тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тоолуу аймакта мал жайып жүргөн жергиликтүү тургун жапайы аркарларды көрүп, видеого тартып алган. Кийин тасманы министрликтин кызматкерлерине жөнөткөн.
2025-жылдын аягындагы эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча Баткен облусунда Северцов аркарынын 144 башы катталган.
Белгилей кетсек, Северцов аркары — Кыргызстандын тоолуу аймактарында кездешүүчү жапайы туяктуу жаныбар. Анын популяциясын сактоо жана табигый жашоо чөйрөсүн коргоо биологиялык ар түрдүүлүктү камсыз кылууда маанилүү.