Баткенде 13 жетим балага үй куруу үчүн жер тилкелери берилди

Аймак 9 октябрь 2026 15:20
Баткенде 13 жетим балага үй куруу үчүн жер тилкелери берилди

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Баткен облусунда 13 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп берилип, тиешелүү документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, жер тилкелери жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча прокуратура органдары көргөн чаралардын натыйжасында берилген.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Баткен облусунда жалпысынан 18 жетим балага үй куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп берилген.