Баткен шаарында селден улам ичүүчү суу убактылуу токтотулду — Кабар

Баткен шаарында селден улам ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Аймак 23 июнь 2026 09:35
Баткен шаарында селден улам ичүүчү суу убактылуу токтотулду
copyright icon www

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Баткен шаарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнда жааган жаан-чачындан улам сел жүрүп, электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Натыйжада шаардык таза суу кампасына суу топтолбой калган.

Калкты суу менен камсыздоо иштери атайын техниканын жардамы аркылуу жүргүзүлөт.

"Селдин кесепетинен суу түтүктөрү жабыркаган эмес. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө", -деп айтылат маалыматта.