Баткен жана Фергана: Соода, туризм жана инвестиция боюнча жаңы келишимдер

Борбор Азия 10815 01 Апрель 2026 10:00
658903853_1482763303217120_2584981554798823036_n.jpg
657329987_1482763193217131_6670996984449330562_n.jpg
662262261_1482763139883803_4803244593069076041_n.jpg
658626403_1482763143217136_2348857313222402672_n.jpg
Алдыга
Артка
658903853_1482763303217120_2584981554798823036_n.jpg
657329987_1482763193217131_6670996984449330562_n.jpg
662262261_1482763139883803_4803244593069076041_n.jpg
658626403_1482763143217136_2348857313222402672_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, документ соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык, маданий жана гуманитардык тармактарды камтыйт.

Фергана облусу менен Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондору жана Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууларга ылайык, тараптар ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, айыл чарба тармагында кызматташуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү жана туризм тармактарында кызматташат.

Документтерге эки облустун өкүлдөрү кол койду.

Бул иштер Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол койгон эки тараптуу келишимдерге жана Жол картасына ылайык ишке ашууда.