Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Рамис Эсеналиев бүгүн “Мурас” турак жай комплексинен бир бөлмөлүү батирге ээ болуп, кубанычы менен тең бөлүштү.
Ал "Кабар" агенттигине билдиргендей, алар буга чейин көп жыл бою батирлеп жашап келишкен. Эми өз үйлөрүнө жетип отурушат.
Бул үй-бүлөнүн эки баласы бар. Алар дагы жакын жердеги мектепте билим алышкандыктан, эми мектеби да жакын жерде болорун белгилеп өттү.