Бишкекте 44 чакырымга созулган түштүк айланма жолун куруу каралууда

Коом 12 май 2026 10:50
Бишкекте 44 чакырымга созулган түштүк айланма жолун куруу каралууда

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 44 чакырым узундуктагы түштүк айланма жолун куруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки бекитилген Башкы планында айтылат.

Анда белгиленгендей, айланма жол Күн-Туу, Шалта, Баш-Кара-Суу, Беш-Күңгөй, Ленин айылдарын айланып өтөт.

Ал жогорку ылдамдыктагы жакынкы айланып өтүү жолуна альтернативдүү жол катары кызмат кылат деп пландалууда.