Бишкек, 15.06.26 /Кабар/. Бара-бара өлкөдө видеокамералардын саны 20 миңге жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы аталган райондун тургунунун жолго видеокамера орнотуп берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып, жакында алардын саны 6 миңге жетерин, андан соң дагы да көбөйтүлөрүн айтты.