Балбан Асан Жанышов UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыкты

Спорт 23 Июль 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-07-23 at 10.38.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-23 at 10.38.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-23 at 10.38.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-23 at 10.38.33.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун 87 кг чейинки салмактагы жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 1-орунга көтөрүлдү. Бул маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Рейтинг 19-июлда Венгрияда жыйынтыкталган Ranking Series турниринен соң өзгөртүлгөн. Анда Жанышов венгриялык жана хорватиялык атаандаштарын жеңип, жарым финалга чейин жетти. Чейрек финалда хорватиялык Иван Хуклек менен болгон беттештеги жаракатына карабай, жеңишти колдон чыгарган эмес.

Бирок, ден соолугуна байланыштуу машыктыруучулар штабы мелдешти андан ары улантууга уруксат берген эмес.

Жыйынтыгында кыргыз балбаны турнирде 5-орунга ээ болуп, 9 000 рейтингдик упай топтоду. Бул көрсөткүч ага UWW рейтингинин сап башына чыгууга мүмкүнчүлүк берди.