Баланын ден соолугу ата-энесинен жана үй-бүлөлүк шарттардан көз каранды – эксперт

Коом
Баланын ден соолугу ата-энесинен жана үй-бүлөлүк шарттардан көз каранды – эксперт
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Баланын ден соолугу чың төрөлүшү үчүн эненин гана эмес, атанын да саламаттыгына, үй-бүлөдөгү шарттарга көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу пикирин КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Нургүл Аднаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Баланын ден соолугу ата-энесинен жана үй-бүлөлүк шарттардан көз каранды – эксперт

Анын айтымында, баланын ден соолугунун пайдубалы эне кош бойлуу кезинен тартып түптөлөт. Ошондуктан баланын төрөлгөнгө чейинки жана төрөлгөндөн кийинки өнүгүүсүн комплекстүү кароо маанилүү.

“Баланын ден соолугу чың төрөлүшү үчүн бир гана эненин эмес, атасынын да саламаттыгын, ата-энесинин жашоо-шартын, тамактануусун жана жалпы үй-бүлөлүк чөйрөнү эске алышыбыз керек. Бул көп кырдуу маселе болгондуктан, баланы өзүнчө карабастан, анын ата-энесин жана жашоо шарттарын кошо карашыбыз керек”, — деди эксперт.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары балдардын майыптыгынын көбөйүшүнө байланыштуу кош бойлуу аялдарды скринингден өткөрүүгө багытталган “Үмүт” улуттук программасы кабыл алынган. Программанын негизги максаты — балдардын ден соолугундагы көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана ден соолугу чың балдардын төрөлүшүнө шарт түзүү.

“Бул программа өз убагында кабыл алынды деп эсептейм. Негизги максаты — өлкөдө ден соолугу чың балдар төрөлүп, майыптыгы бар балдардын саны азайышына өбөлгө түзүү”, — деп белгиледи Нургүл Аднаева.

Ошондой эле эксперт балдардын ден соолугу, тарбиясы жана билим алуусу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи. Анын пикиринде, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарындагы балдарга багытталган иштерди жана каражаттарды бириктирип, комплекстүү мамиле жасоо зарыл.

Ал ошондой эле алгач 3 жашта баланын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруу келечекте дени сак коомду калыптандырууга негиз болорун кошумчалады.