Бакытбек Алишеров Финчалгындоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 28 Февраль 2025 13:46
Бакытбек Алишеров_фото.jpg
copyright icon Финансы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бакытбек Алишеров Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдышкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Иштөө тажрыйбасы:

  • 1999-2005-жылдары КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясында;
  • 2005-2006-жылдары КР Мамлекеттик бажы кызматында Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жана киийнчерээк Контрабандага, баңгизат бизнесине жана каршы күрөшүү башкармалыгында башкы тескөөчүсү;
  • 2006-2009-жылдары "Экспорттук көзөмөл жана чек ара коопсуздугу" программасы боюнча административдик жардамчы;
  • 2010-2012-жылдары Мамлекеттик бажы кызматы;
  • Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
  • 2012-2017-жылдары коммерциялык түзүмдөрдө;
  • 2018-2021-жылдары КР өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун директору;
  • 2021-2022-жылдары КР президентинин администрациясында төраганын биринчи орун басарынын кеңешчиси;
  • 2022-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги сегмзмнчи саясий департемаентинин директору;
  • 2022-2023 Россиядагы Евразия экономикалык комиссиясыннын Энергетика жана транспорт боюнча коллегия мүчөсүнүн (министрдин) катчылыгынын жетекчиси кызматтарында эмгектенген.

Атайын наамы: Бажы кызматынын майору.