Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бакай-Ата районунда калктын жашоо шарттарын социалдык-экономикалык жактан жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Бакай-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, райондо 26 социалдык объект курулган, анын ичинде 5 мектеп, 5 бала бакча, 7 футбол талаасы, 4 спорт зал, ошондой эле 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) бар.
Бул долбоорлордун ишке ашырылышы райондун тургундары үчүн билим берүү, спорт жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.