Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан иштердин аткарылышына байланыштуу кезектеги жыйын өткөрдү.
Отурумда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында буга чейин министрлер кабинети тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.
Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Маселен, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун акча каражаты каралган. Бул сумманын 2,623 млрд сомдон ашуун каражаты бүгүнкү күнгө чейин берилди. Белгилей кетсек, субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.
Келишимдерге жараша субсидиянын өлчөмү белгиленет. Бүгүнкү күнгө карата мунай ташыгандардын, “Жунда” ЖЧКнын, “Кыргызнефтегаз” ААКнын кампаларында жана учурда ташуу процессинде тургандарды кошо алганда – АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизел отунунун, автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган газдын кору үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жетиштүү.
Жыйында бензин ташыган компаниялардын жаңы келишимдерди түзүүсүнө жана өлкөгө жеткирүүсүндө мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканы айтылып, мунай ташыган компнаиялардын өлкөнүн бардык аймактарындагы май куюучу жайларынын үзгүлтүксүз иштөөсү жана министрлер кабинети койгон баалардын туруктуу сакталышы керектиги белгиленди.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ортодогу айырманы субсидиялоо ишин өз мөөнөтүндө ишке ашыруу, өлкөнүн ички рыногун үзгүлтүксүз камсыздоо, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү, жаңы жеткирүүчүлөрдү табуу, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоону аяктоо жана жаңы ишканаларды куруу боюнча коюлган иштерди ыкчамдатуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.
Мамлекет жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт.