Азыркы бийлик жоопкерчиликти толук мойнуна алып, чек ара маселесин чечкени колдоого арзыйт – Кыяс Молдокасымов

Саясат Загрузка... 13 Март 2025 19:40
b831137d-8a8c-4106-924d-7cf967f69703.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Азыркы бийлик жоопкерчиликти толук мойнуна алып, чек ара маселесин чечкени колдоого арзыйт. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Анын пикиринде, тынчтыктын эртерээк орношу үчүн маселенин чечилиши маанилүү кадам болду.

“Чындыгында бизге тынчтык керек болчу. Ошол жагынан алып караганда, чек ара маселесинин эрте чечилгендиги маанилүү. Буга чейинки президенттер таптакыр жоопкерчиликти ала албай, чече албай келген учурду азыркы бийлик жоопкерчиликти толук мойнуна алып чечкени колдоого арзыйт. Себеби, эки жол бар болчу. Бул жанагы Өзбекстандагыдай мурда Каримовдун учурунда талаш-тартыштуу маселе кээде чечилбей, кээде туруп калып, анан кийин мына Шавкат Мирзиеев келгенден кийин чек ара чечилбедиби, ылдам чечилди да. Азыр дагы Эмомали Рахмондун бийликтен кетишин күтүп туруп чечиш керек болчу же болбосо тынчтыктын эртерээк орношу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып азыркыдай ылдам чечиш керек болчу. Биздин бийлик экинчи жолду тандап алды. Бул оңойго турган жок. Себеби көптөгөн талаш-тартыштар көп болду. Айрым жерлерди 2-3 жылга чейин талашкан учур болду. Кээде бизди чогултуп Камчыбек Кыдыршаевич кеңешкен учурлар болду”, - деди тарыхчы.