Азык-түлүк жарманкелери элдин жүгүн жеңилдете алабы?

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 18:45
8d8816d7-a058-45ea-a359-457b0e6652c0.jpg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Акыркы жылдары өлкөдө азык-түлүк бааларынын өсүшү коомчулукту түйшөлтүп, социалдык маанайдагы актуалдуу маселелердин бирине айланды. Айрыкча базар экономикасынын шартында бааларды көзөмөлдөө, калкты ортомчусуз арзан баада азык-түлүк менен камсыздоо мамлекеттик деңгээлде каралууда. Ушул багытта уюштурулуп жаткан айыл чарба жарманкелери баанын өсүшүн токтотуп, өндүрүшчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түз байланыш түзүүгө маанилүү механизм катары ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкекте өткөрүлүп жаткан айыл чарба жарманкесине барып, анда коюлган азык-түлүк товарларынын баалары менен таанышуу учурунда жарманкелер ортомчуларсыз, түздөн-түз өндүрүшчүлөрдөн калкка товар жеткирүүгө шарт түзүп, базардагы баанын өсүшүн ооздуктоого таасир берип жатканын билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк жарманкесин уюштуруунун максаты базар экономикасынын шартында базар баасын жөнгө салуу.

“Базарларда жеке ишкерлер товарларына бааларды өздөрү коет. Ал эми жарманке аркылуу аларга атаандаштык жасалып жатат. Бишкек шаарында 3 жерде жана ар бир райондун борборлорунда аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү азык-түлүк жарманкелери өтүүдө. Элибиз бир жумага ылайыктуу азык-түлүктөрүн жарманкеге келип, камдап алышса болот. Жергиликтүү бийликке тапшырма коюлгандай, өткөрүлүп жаткан жарманкелерде тазалык сакталып, ыңгайлуу шарттар түзүлүп, баалар көзөмөлдө болушу зарыл. Кийинки максат - жарманкеде алып-сатарлар иштебеш керек. Фермерлер, заводдор өздөрү өндүргөн продукцияларын өздөрү түз сатышы зарыл. Мында башкы максат элге ортомчусуз азык-түлүк сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Бул жарманкелер май, июнь айларына чейин өткөрүлөт. Мурда мамлекет дыйкандар өндүргөн азыктардын бааларына анча киришчү эмес. Азыр мамлекет тараптан жарманке аркылуу бааларга атаандаштык жасалып жатат. Жарманке ортомчусуз, дыйкан менен элдин түзмө-түз базары болушу керек”,- деди Төрөбаев.

Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн айыл чарба жарманкесиндеги жана базардагы баасын салыштырып көрсөк төмөнкүдөй:

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште элди түйшөлткөн кымбатчылык маселеси боюнча министрлер кабинети парламентке чакырылды. Маалым болгондой, 5-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн болуп, социалдык көйгөйлөрдүн ичинен баалардын кымбатташы боюнча маалыматтарды угууну көздөшүүдө.

Депутат Марлен Маматалиев айлык көтөрүлгөнү менен инфляция да көтөрүлүп, айлык маянанын баркы кетип жатканын айтты.

“Айлыктар көтөрүлгөнү менен тилекке каршы айлык менен биргеликте инфляция да көтөрүлүп жатат. Эгер биздин өсүш пайызыбыз 10% болуп жатса, инфляция андан эң кеминде 2%дан ашпаш керек. Экономикалык термин менен ушундай туура болот. Бизде тилекке каршы, 2022-жылы же акыркы 2-3 жылдан тарта айрым учурларда 10 пайыздан да ашыгыраак инфляция болуп жатат. Демек, көтөрүлгөн айлыктын баркы кетүүдө. Мындайча айтканда, мурда дүкөндөн миң сомго 2 баштык азык-түлүк алсак, азыр миң сомго бир баштык азык-түлүк алабыз. Ушул нерсе сөзсүз түрдө каралыш керек деп ойлойм”,- деди Маматалиев.

Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында эттин баасы тууралуу маселе көтөрүп, анын баасы туруктуу деген жоопко ынанбагандыгын маалымдады.

“Өндүрүштү көбөйтүшүбүз керек. Мисалы, азыр бизде 70% товарларыбыз импорттолуп келет. Анын ичине ошол эле азык-түлүк кирет. Эттин баасы тууралуу маселени көтөрүп, баасы туруктуу деген жоопко мен ынанбадым. Учурда эттин баасы өсүүдө, 1 кг жакшы эт ала турган болсоң миң сом турат. Айлыкка жашаган адамга чынында бул өтө кыйын. Негизи Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, мал чарбачылыгына тиешелүү бардык мыйзамдарды колдоп бердик. Өкмөт келгенде сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгы сөз менен калбаш керек. Сөздөн ишке өтүшүбүз зарыл. Анткени, кымбатчылык боюнча элдин суроо-талабы ушундай”,- деди Алимжанова.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы учурда базарларда жана башка соода түйүндөрдө сатылып жаткан социалдык маанидеги тамак-аш азыктарынын баасы туруктуу экендигин жана тиешелүү кызматтар тарабынан республиканын базарларындагы эттин баасына карата мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти.

Республиканын бардык райондорунда жарманкелер, айрым жерлерде социалдык соода түйүндөр ачылып, эттин арзан баада сатылуусу базар баасын түшүрүп, атаандаштык жаратууну көздөөдө. Мындан тышкары, министр Бакыт Төрөбаев эт багытындагы кой чарбачылыгын өнүктүрүү максатында фермерлерге тоют багытында жер бөлүп берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергендигин кошумчалады.

Акыркы күндөрү азык-түлүктүн баасынын кымбатташынан улам, коомчулукта өлкөдөгү жашоо минимуму бир адамга жетпейт деген пикирлер да айтылууда. Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 769 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, учурда жарманке Бишкектин борборундагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта жана республиканын райондорунун борборлорунда өтүүдө. Жакынкы күндөрү борбор калаанын Жал кичи районунда жана Түштүк магистралда жарманке өткөрүү пландалууда.