Азия оюндары. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 7-орунду ээледи

Спорт 1620 12 Февраль 2025 10:52
477708517_642428718130349_3750937710896691284_n_3TQzpNe.original.jpg
476813364_642428654797022_4732916571518208810_n_SHjHnw3.original.jpg
Алдыга
Артка
477708517_642428718130349_3750937710896691284_n_3TQzpNe.original.jpg
476813364_642428654797022_4732916571518208810_n_SHjHnw3.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы 7-орунга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын курамасы 1-турда Кувейт курамасын 8:9 эсебинде, 2-турда Бахрейнди 29:0, 3-турда Сингапур курамасын 11:2 эсебинде утуп алган.

Төртүнчү турда Гонконгду 6:5 эсебинде жеңип, чейрек финалда Түштүк Кореянын командасына утулуп калды.

Эске салсак, хоккей боюнча мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Бахрейн, Гонконг, Кувейт, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Тайван, Тайланд, Түркмөнстан, Индия, Макао жана Япониянын курама командалары катышууда.