Азия чемпионаты: Балбан Жакшылык Байташов коло медаль жеңди

Спорт Загрузка... 12 Апрель 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-04-12 at 10.42.36.jpeg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Жакшылык Байташов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчу 79 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде индиялык Сандип Сингх Маннуга 0:7 эсебинде жеңилген. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Анда иорданиялык Эрзо Исаковду 6:2 эсебинде жеңип, коло байге үчүн мелдешке чыкты.

Беттеште тажикстандык Самонждон Икромовду 6:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.