Азия чемпионаты: балбан Яков Чаплин коло медаль жеңди

Спорт Загрузка... 12 Апрель 2026 21:03
WhatsApp Image 2026-04-12 at 21.10.10.jpeg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 12-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште Яков Чаплин коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 92 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан кыргызстандык спортчу чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракети үчүн жеңишке жеткен.

Ал эми жарым финалда бахрейндик Магомед Шариповго 0:8 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген.

Коло медаль үчүн беттеште кытайлык Хаде Айидусини 6:4 эсебинде утуп, үчүнчү орунга ээ болду.