Чолпон-Атада БА жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтүүдө

Саясат 479 31 Июль 2026 14:00
759975263_1629105935890701_3762376950701113585_n.jpg
761559425_1629105949224033_8489758974261896902_n.jpg
761764780_1629105875890707_4997330429175537742_n.jpg
760964500_1629105805890714_2007289353979068632_n.jpg
761615180_1629105865890708_6056586875248258385_n.jpg
758778609_1629105809224047_8854150182317825576_n.jpg
Алдыга
Артка
759975263_1629105935890701_3762376950701113585_n.jpg
761559425_1629105949224033_8489758974261896902_n.jpg
761764780_1629105875890707_4997330429175537742_n.jpg
760964500_1629105805890714_2007289353979068632_n.jpg
761615180_1629105865890708_6056586875248258385_n.jpg
758778609_1629105809224047_8854150182317825576_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

Бул форматтагы жолугушуулар аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, мамлекет башчыларынын ортосундагы түз диалогду камсыз кылуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

2025-жылы Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын VII консультативдик жолугушуусунда Азербайжан бул форматка толук кандуу катышуучу катары кабыл алынган. Бул чечим Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланган.

Жаңы кеңейтилген формат өлкөлөрдүн соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Азербайжандын бул форматка кошулуусу Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосундагы байланыштарды чыңдоого, анын ичинде транспорттук каттамдарды жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары, тараптар аймактагы туруктуулукту, өз ара ишенимди жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө багытындагы аракеттерди улантууга кызыкдар экенин билдиришүүдө.