Чолпон-Ата, 31.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевди мамлекеттик сапарынын алкагында расмий тосуп алды.
Салтанатта эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырып, Улуттук гвардиянын ардак кароолу тизилди. Андан соң, эки өлкөнүн лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышышты.
Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйынын өткөрүү пландалууда.
Мамлекеттик сапардын негизинде мамлекет башчылары эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулушу күтүлүүдө.