Авиациялык сервис жаңы деңгээлде: "Манас Менеджмент" жана "Аэромар" кызматташат

Бизнес Загрузка... 23 Февраль 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. “Манас Менеджмент компаниясы” ЖАКтын борттук тамактандыруу борбору КМШ жана Чыгыш Европа аймагындагы ири борттук тамактандыруу операторлорунун бири болгон “Аэромар” компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар борттук тамактандырууну өндүрүү жана жеткирүү тармагындагы стратегиялык кызматташуунун келечеги, кесиптик тажрыйба алмашуу, сапат жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча заманбап стандарттарды киргизүү, ошондой эле ишканалардын технологиялык базасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, борттук тамактандыруу борборунун өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу, эл аралык авиакомпаниялардын талаптарына ылайык тамак-аштын ассортиментин кеңейтүү жана жүргүнчүлөр үчүн сервистин деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

“Аэромар” АК тармактагы таанылган лидер болуп саналып, көп жылдардан бери Россиянын жана чет мамлекеттердин алдыңкы авиакомпанияларын борттук тамактандыруу менен камсыздап келет. Компания заманбап жогорку технологиялуу өндүрүш комплекстерине ээ болуп, сапатты контролдоонун автоматташтырылган системаларын киргизип, HACCP эл аралык стандарттарын жана авиациялык коопсуздуктун талаптарын так сактайт.

“Аэромар” өзүнүн жеке кулинардык концепцияларын активдүү өнүктүрүп, кесипкөй ашпозчулар менен кызматташып, сервистин эл аралык стандарттарын киргизип, менюсун дүйнөлүк гастрономиялык тенденцияларды жана авиаташуучулардын талаптарын эске алуу менен дайыма жаңыртып турат. Компаниянын өндүрүштүк процесстери масштабдуулукка, натыйжалуулукка жана продукциянын туруктуу сапатына акцент коюу менен курулган.

Талкуунун алкагында технологиялык чечимдерди, өндүрүштөгү алдыңкы тажрыйбаларды жана башкаруу ыкмаларын алмашуу, ошондой эле персоналды окутуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды.

“Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу Борттук тамактандыруу борборунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө, көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүүгө жана авиациялык сервистин региондук жана эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөөгө шарт түзөт”, — деп белгиледи “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын коммерциялык директору Аман Мамаев.
“Биз үчүн күчтүү эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү жана борттук тамактандыруу борборунун ишине мыкты стандарттарды киргизүү маанилүү. Бул ишкананын туруктуу өнүгүүсүн камсыздап, кызматтарыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат”, — деп белгиледи “Манас Менеджмент компаниясы” ЖАКтын директору Абсамат Телтаев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоого жана авиациялык сервистин сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кесиптик кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.